Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 1-майда билдиргендей, алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көлдөгү ооруканада жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1612ге жетти.
1-майга карата республика боюнча вирус дагы 477 кишиден табылды.
Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 95 752, айыккандар 89 461 кишини түздү. Бир күн аралыгында 270 бейтап айыкты.