• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустан дагы 2 адам каза болуп, 206 бейтап жаңы катталды

6 Үчтүн айы 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 6-январга карата коронавирус 206 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 143, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 18 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 58 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 302 бейтап, амбулатордук түрдө 529 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 237 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 811 адам каза болду.

Количество просмотров: 62