Кыргызстанда коронавирустан дагы 37 бейтап айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Бишкек шаарында 21, Ош облусунда 1, Ош шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 жана Нарын облусунда 6 бейтап оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды», — деп билдирди Акматова.