Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгондордун саны 31 адамга жетти. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, 1947-жылы туулган бейтап, дарыгерлерге оор абалда келип түшкөн.
«Алай аймактык ооруканасында 73 жаштагы эркек киши көз жумду. Дарыгерлерге кеч жана оор абалда кайрылган», — деди ал.