• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирустан көз жумган 18 медиктин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилди

4 Аяк оона 2020 19:23 Бишкек Govori.TV

Коронавирустан кайтыш болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу 4-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бардыгы болуп 34 учур каралып, иликтенүүдө. Медиктердин өлүмү катталган мекемелерде атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат», — деди Үсөнбаев.

Буга чейин штаб республика боюнча 30-июлга карата коронавирус инфекциясынан 73 медицина кызматкери, алардын ичинен 44 дарыгер кайтыш болгонун кабарлаган.

Мындан тышкары кызмат учурунда илдетке чалдыккан медиктерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн документтер каралууда.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде медиктердин арасынан коронавирус жуктурган 9 учур катталды. COVID-19 илдети жайылгандан бери жалпысынан 3145 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды, 2533ү айыкты.

Буга чейин өкмөт коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, өлгөндөргө 1 миллион сом компенсация төлөөгө убада берген.

Количество просмотров: 72