• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустан каза болгон Ноокаттын тургуну жерге берилди

3 Чын куран 2020 12:38 Бишкек Govori.TV

Коронавирус илдетинен каза болгон Ноокаттын тургуну жерге берилди. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, сөөктү жерге берүүгө жана жаназасына турууга маркумдун туугандары катыша алган жок.

«Коронавирустан каза тапкан ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана болду. Жаназасы ошол жерде окулду. Ачык айтайын, тууган-уруктарынан эч ким болгон жок. Азыркы абалды, оорунун жайылышын олуттуу кабыл алып, үйдө болгула», — деди комендант.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу коронавируска кабылган 61 жаштагы жаран көз жумду.

Количество просмотров: 971