• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустан каза болгондордун туугандары митингге чыгышты

25 Үчтүн айы 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына коронавирустан каза болгон жарандардын туугандары митингге чыгышты.

Митингге чыккандар пандемия учурунда министрликтин начар ишмердүүлүгүнөн алардын тууган-жакындары каза болгонун айтышууда.

Нааразылык акциясына чыккандардын бири журналисттерге билдиргендей, анын атасынын каза болушуна №11 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетиштүү деңгээлде иштебегени себеп болгон.

«Биз саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жана башкы пульмонолог Талант Сооронбаевдин кызматтан кетишин талап кылабыз. Анткени алар бейтаптарды дарылоо протоколун түзүүгө тиешеси бар. Ошондой эле пандемия учурунда алардын ишмердүүлүгүнө тыкыр иликтөө жүргүзүүнү талап кылабыз. «Гансиде» абал өтө начар, бүгүнкү күнгө чейин ал жакта канча адам көз жумганы тууралуу так маалымат жок. Анда тиешелүү медкаражаттар, реанимация жок болчу. Июнь айынын ортолорунда гана ачылды. 30 жашка чейинки тажрыйбасы аз медиктер иштешти. Алар баарын көрүп турса дагы эч нерсе кыла алышкан жок», — дейт митингдин катышуучусу.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 23