• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустан каза тапкан экинчи бейтаптын сөөгү жерге берилди

5 Чын куран 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жугузуп, ооруканада каза тапкан экинчи бейтаптын жаназасына жалпы ондон ашпаган адам катышты. Бул тууралуу Ош облустук штабынан билдиришти.

Каза болгон бейтап эркек киши болчу. Анын буга чейин Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндө жашаганы айтылат.

«Маркумдун сөөгү бүгүн, 5-апрель күнү, жерге берилди. Аны туугандары жана жергиликтүү бийликтен жалпы 10дон ашпаган адам сапарга узатты. Ислам дининдеги салттык үрп-адат сакталып, жууп кепиндөө иштерин дарыгерлер жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан коопсуздук чаралары көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-апрелде илдеттен алгачкы бир адам каза тапкан. Бүгүн өлкөдө коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 147 адамга жетти.

Количество просмотров: 892