• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде класстар карантинге жабылды

27 Аяк оона 202119:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын тараткан маалыматына ылайык, коронавирустан улам борбордогу айрым мектептерде класстар карантинге жабылды.

Маалымат боюнча, Биринчи май районундагы №48 мектепте бир класс, №70 мектепте 1 класс карантинге жабылса, Ленин районундагы №9 мектепте 2 класс, №13 мектепте бир клаас, №8 мектепте 1 класс жабылган. Ал эми Свердлов районундагы №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте 3 класс, №65 мектепте бир класс, №66 мектепте 1 класс жабылган.

Ошондой эле мэрия ата-энелерден баласы ооруп калса мектепке же бала бакчага жибербөөнү суранат. Жана санитардык эрежелерди так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 4005