Францияда Канн кинофестивалы болбой калды. Быйыл 73-жолу өтө турган иш-чара 12-майга белгиленген, кийинчерээк пандемияга байланыштуу анын мөөнөтү июнга жылдырылган. Жекшемби, 10-майда уюштуруучулар фестиваль болбой турганын билдиришти.
Фестивалдын программасы, сынак жана сынактан тышкаркы иш-чаралар кандай түрдө сакталып калары азырынча белгисиз. Оптимисттер фестиваль күзүндө өтүшү ыктымал экенин, пессимисттер салтанат 2021-жылы болорун божомолдошууда.
Пандемияга байланыштуу эң биринчи «Евровидение» ыр сынагы быйыл болбой турганы жарыяланган. Конкурс 12-16-май аралыгында Нидерландынын Роттердам шаарында өтмөк.