• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Коронавирусту аныктай турган 56 миң 488 изилдөө жүргүзүлдү

4 Бугу 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 56 миң 488 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 57 миң 109ду түзөт. “Алардын ичинен 56 миң 488 изилдөө жүргүзүлдү”, — деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Количество просмотров: 59