Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 7 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, илдетти жуктурган медкызматкерлердин жалпы саны 147ге жетти.
«Коронавирусту жаңы жуктурган 7 кызматкердин ичинен Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Бишкек шаарында – 3 учур», — деп билдирди Үсөнбаев.