Кыргызстанда 15-ноябрга карата коронавирус дагы 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 559 бейтап, амбулатордук түрдө 721 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 425 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 909 киши айыгып чыкса, 2 миң 707 адам каза болду.