• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдыктар талкууланды

31 Үчтүн айы 202110:40 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева COVID-19 илдети боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, илдеттин жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна даярдыктарды талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кеңешмеде бейтапканаларда кошумча орундарды камдоо, медицина кызматкерлерине COVID-19ду алдын алуу, дарылоону үйрөтүү жана кайрадан окутуу, дары-дармектерди, медициналык аспаптарды даярдоо тууралуу сүйлөшүштү.

COVID-19 илдети боюнча илимий-консультативдик кеңеш — коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча консультативдик, илимий-аналитикалык жана методологиялык көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Анын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, эксперттер, эпидемиолог адистер кирет.

Количество просмотров: 685