• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустун «омикрон» штаммы кандай өзгөчөлөнөт? Негизги симптомдору…

12 Үчтүн айы 2022 13:45 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 эпидемиясынын төртүнчү толкуну жүрүп жатканын билдирди.

Ал арада Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммынын алгачкы учуру катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Министрлик бейтаптардын учурдагы абалы тууралуу кошумча маалымат бериле турганын кошумчалады.

Ал эми даарыгерлердин айтымында, «омикрон» штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай оорушат. Тамак жуткурбай, баш катуу ооруп, мурун бүтөлөт.

Ошондой эле эт ысуу, түндө тердеп чыгуу, чарчоо сыяктуу белгилер кээде байкаларын кошумчалады.

Айрым дарыгерлер коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы симптому жок өтүшү мүмкүн экенин айтып, вирусту симптомсуз көтөргөндөр айланадагыларга кооптуулук жаратарын белгилеген.

Количество просмотров: 260