Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын саны 47 түздү. Бул тууралуу өкмөттөгү брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек — 8
Ош — 2
Чүй облусу – 2
Ош облусу — 2
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 14
Муну менен өлкө боюнча баардыгы болуп 44928 адам коронавирус менен катталды.