• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустун жаңы учуру катталган жок

18 Чын куран 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 7 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, амбулатордук түрдө 40 адам дарыланууда.

40 бейтаптын ичинен 18нин абалы орто оор, алтоонун абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 331 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 52