“2020-жылдын 29-мартында аныкталган коронавирусун жуктурган 26 адам буга чейин ооругандар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде айтты.
«Ошондуктан баарыӊыздарды өзүӊүздөрдү изоляцияга алып, карантинди так сактоого чакырабыз”, — деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Ооруга чалдыккан 26 жарандын ичинен: 6 – Ош ш., 4 – Бишкек ш., 2 – Чүй облусунда, 1 – Нарын ш., 13 – Жалал-Абад облусунда.
«Биз жарандарды үйдө болууга, өтө зарыл болбосо сыртка чыкпоого чакырабыз. Практикада көрсөтүлгөндөй, бир адам ооруса үй-бүлөсүндөгү үч адам коронавирусту жуктуруп алууга дуушар болот», — Саламаттык сактоо министри К. Чолпонбаев.
2020-жылдын 30-мартына карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош ш. – 8, Бишкек ш. – 7, Нарын облусунда – 1 учур.
Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.
СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адам, алардын ичинен 1-категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, 2-категориядагы (башкалар) – 5222.
Жалпы республика боюнча 1459 адам обсервацияда.