Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын маалыматы боюнча, 2019-жылды8 18-февралына карата экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 52 млн. 665 миң сом которулган.
Анын ичинен:
— 497 млн. 916,1 миң сом Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан которулган;
— 194 млн. 905,5 миң сом Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан которулган;
— 357 млн. 657,7 миң сом КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан которулган;
— 2 млн 185,6 миң сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулган.