• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Коррупция тууралуу кабарлаган адамдарга сый акы төлөнөт

29 Үчтүн айы 2019 12:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Расмий документ коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоого, калктын мамлекетке болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга коррупциялык укук бузуулардан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөөрү каралган.

Количество просмотров: 56