• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Саясат талдоочу: Мадумаровдун камалышы саясий өңүттө жасалган иш сыяктуу…

4 Аяк оона 2023 13:29 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Адахан Мадумаровдун камалып, «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып жатканы саясий өңүттө жасалган иш сыяктуу. Бул тууралуу Govori.TVга саясат талдоочу Эмил Жороев билдирди.

Анын айтымында, Мадумаров сын айткан гана эмес, жалгыз айкын оппозициячыл саясатчы.

«Анын үстүнө парламенттин мүчөсү катары кол тийбестиктери бар эле. Анын камакка алынуусу менимче, жакшы нерсе эмес. Иликтөө иштерин башка чаралар менен алып барышса болмок. Жогорку Кеңеште бул кишиге кылмыш ишин козгоо боюнча суроо коюлганда депутаттардын көпчүлүгү «аны камакка алууга эмес, ага карата кылмыш ишин козгоого уруксат бердик» деген ой менен добуш беришкен. «Чыккынчылык» берене бул жерде ашкере. Анткени Мадумаровго коюлуп жаткан кылмыш аркылуу биз Тажикстандын бизге коюп жаткан жүйөлөрүн маанилүү дегендей сыпат берип, карап башкача айтканда бизге жагымсыз болгон коңшу өлкөнүн позициясын бекемдегендей болуп жатабыз. Бул стратегиялык жагынан катачылык»,-деп билдирди ал.

Кошумчалай кетсек, Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык көз караштагы «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери.

Аны 2-сентябрда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Биринчи май сотунун чечими менен ошол эле күнү депутат 24-октябга чейин камакка алынган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 232