• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Коррупционерлер сүйүнөт». Депутат мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбоорун сындады

21 Кулжа 2022 19:24 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты. Аталган Мыйзам долбоору бүгүн, 21-июнда парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн документ экенин айтты.

«Бул мыйзамга кол коюлса коррупционелер сүйүнөт. Аларга баардык шарттарды түзүп берип жаткандайсыңар. Бул мыйзам долбоору абдан кооптуу. «Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы добуш берем»,-деди Бекешев. 

Белгилей кетсек, “Адилет” укуктук клиникасы “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талдоого алган. Алар дагы документте чиновниктердин мүлкү тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылган тобокелдик бар экенин белгилешкен.

Количество просмотров: 186