• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коррупция фактысы боюнча Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору кармалды

25 Жетинин айы 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, УКМК тарабынан коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу, анын ичинде контролдук-текшерүү функциялары бар мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоого, бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталган системалуу иштерди улантууда.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100% мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталды.

«Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О.Ж.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды», — деп айтылат маалыматта.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи.

Количество просмотров: 171