• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн.сом төлөп үй камагына чыкты

11 Үчтүн айы 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

«Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алды». Мындай бидирүүнү Финансы полициясынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун Мамлекеттик дирекциясындагы (мындан ары ГДАД) коррупция фактысы боюнча сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, 2021-жылдын 7-январында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Алтамышевич Мамыркалиев кылмышка шектелип кармалган.

«2021-жылдын 9-январында Э.Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2 500 000 сом өлчөмүндөгү бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди.

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Э.Мамыркалиевге карата үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонду.
Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында Каржы полициясы 30га жакын ар кандай рангдагы кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартты. Бул коррупциялык схема боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түздү, анын дээрлик бардыгы Финансы полициясы тарабынан кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта кошумчалангандай, сотко чейинки тергөө иштери аяктоо алдында турат.

Количество просмотров: 83