• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коррупцияга каршы акциялардын артында Өмүрбек Бабанов турабы? Билдирүү

25 Жетинин айы 2019 12:38 Бишкек Govori.TV

Республика партиясынын мүчөсү, Өмүрбек Бабанов менен чогу иштешкен жаш активист Мурат Соорбеков кайрылуу жасап, бүгүн болуп жаткан митингдин артында Өмүрбек Бабанов турат деген маалымат калп жана чындыкка туура келбей турганын билдирди.

Эске салсак айрым маалымат булактар бүгүнкү болуп жаткан митингдин артында Өмүрбек Бабанов турат деп жазышкан.

«Бүгүн болуп жаткан митингдин артында Өмүрбек Бабанов турат деген маалымат калп жана чындыкка туура келбейт, ал кишинин атын аралаштырбооңуздарды суранам. Өмүрбек Токтогулович саясаттан кеттим деп айткан, бүгүнкү күндө айткан сөзүнө бекем турат! Өмүрбек Токтогулович учурда сыртта жеке иштери менен жүрөт. Ал эми ар кандай саясий иштердин артында уюштуруп жатат деген маалымат эч кандай логикага туура келбейт. Өмүрбек Бабанов менен мурда чогу иштешкен адамдардын, бүгүнкү митингке катышып жаткандыгы боюнча айта турган болсок, ал нерсе ар бир адамдын жеке иши», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 975