Бүгүн,19-июлда Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жана башка мамлекеттик жетекчилер катышууда.
Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары, ошондой эле 2020-2022-жылдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануу, курулушка уруксат берүү жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүү боюнча мыйзам бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу чаралары талкууланып жатат .