Бишкекте кош бойлууларды бекер ташыган № 113 кичи автобустук каттамдын айдоочусу Ишен Сереков Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт департаментинин энчилүү сааты менен сыйланды.
Белгилүү болгондой, айдоочу боюнда барлардан акча албай, бекер ташып келген.
Ал муну менен борбор калаанын транспортуна өзгөчө эмгек сиңиргени айтылат.
Бир катар кызматкерлер Автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата сыйланышкан.