• Дүйшөмбү 29 Бугу 2023
  • Понедельник 29 Май 2023

Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан кетти

26 мая 2023 в 10:56 Бишкек Govori.TV

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал мындан ары да «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына салым кошо турганын кошумчалаган.

«Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм.
Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели.. «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда…», — деп жазган ал.

Эске салсак, 15-майда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Ал эми Кошалиев өз дарегине айтылган сындарга жооп берип, эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын айткан.

Количество просмотров: 101