• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Кошоматчыларга эмес журналисттерге ишениңиз». Токтакунов президентке кайрылуу жасады

26 Чын куран 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек курду. Анда ал учурдагы актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берип, MediaHub басылмасынын иликтөөсү тууралуу пикирин айткан.

Мындан көп узабай журналист Али Токтакунов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Урматтуу Президент, иликтөөдө сиздин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн пикириңизди бергенбиз. Анда Башкы прокуратурага 2 айдын ичинде энергетикада миллиондогон карызды кечкен фактыларды териштирүүнү тапшыргансыз. Бирок, 5 айга чейин прокуратурадан элге жооп болгон жок. Биз жаңы Американы ачтык деген жерибиз жок.  “Өлүү жандар” дегендер 10 жылдан ашык убакыттан бери айтылганы менен чекит коюлган жок. Биз ошону иликтөөдөбүздө айтып чыктык. Анда УКМК менен Башкы прокуратурага кылмыштар аныкталганы тууралуу айлап, жылдап арыз жазышканы менен иш ордунан жылбай жатканы айтылат. Биздин иликтөөдөн кийин Манас райондук электр тармактарынын төрт кызматкери камакка алынды. Жомокто хан элинин арасындагы чыныгы жагдайды билиш үчүн бечаранын чапанын кийип алып элди кыдырганы айтылат. Сизге азыр андай кылуунун кереги жок. Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарында сиз билбеген чындыктар бар»,-деп билдирген Токтакунов.

Эске салсак, апрелдин башында MediaHub басылмасынын журналисттери «Энергетика: миллиондук уурулук, карызга баткан “өлүү жандар”» деп аталган журналисттик иликтөө жарыялашкан. Жаңы иликтөөдө энергетиктер жетекчилери менен сүйлөшүп алып, коррупциялык схемалар аркылуу мамбюджеттен миллиондорду кантин чыгарып кетип жатканы тууралуу айтып беришкен. Журналисттер энергетиктер карыздарды эки схема менен кечип жатканын аныкташкан. Алардын бири Гоголь жазгандай «өлүү жандар» деп аталат. Бул схема боюнча, электр энергиясы үчүн эсеп дүмүрчөк электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге келет — эч ким жашабаган үйгө же так эмес дарекке жазылат. Журналисттер ири суммадагы эсеп дүмүрчөктөрү жазылган абоненттерди таап, ондогон коррупциялык фактыларды аныкташкан.

Ага чейин президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага энергетика тармагындагы коррупциянын бетин ачуу тапшырмасын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевге энергетика тармагын текшерип чыгуу тапшырмасын берген.

Количество просмотров: 2334