• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кошунасыныкына уктап калган 7 жаштагы баласын атасы катуу сабап салган

14 Бугу 201911:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Бишкекте атасы уулун кошунасыныкына уктап калдың деген шылтоо менен сабап салган. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-майда ооруканага сабалган 7 жаштагы бала келип түшкөнү туууралуу милицияга кабар берилген.

«Милиция келгенде баланын апасы аны атасы сабагандыгын айтты. Баланын баш мээси чайкалып, колу сынган. Энесинин айтымында, бала кошунасыныкына барып уктап калган, ал эми өздөрү издеп жүрө беришкен. Баланы тапкан соң атасы тарбиялоо максатында сабап салган», -деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, бир нече күн мурун 7 жаштагы окуучу мектепке кеткен бойдон үйүнө келе электигин айтып, баланын энеси кайрылган. Көп өтпөй кечкээ маал баланы ата-энеси издеп жүрүп табышкан, ал кошунанын үйүндө ойноп жатып уктап калган.


Количество просмотров: 15