• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Космосбек Чолпонбаев эне менен 4 эмдин абалын билип кайтты

26 Бирдин айы 201916:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.

Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада жарыкка келген 4 эмдин абалы туруктуу оор, деп билдирди бүгүн, 26-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Бүгүн саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев аталган төрөтканада болуп, эне менен ымыркайлардын абалын көрдү.

27 жаштагы Нурайым Рысмат кызы 25-февралда саат 04:40та 4 эмди операция жолу менен төрөгөн. Ымыркайлар 4 жылдан бери бала күтүп жүргөн Нурайым менен Азамат Смановдун биринчи наристелери.

Төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, ымыркайлардын абалы туруктуу оор болуп, СРАР аппараты менен распиратордук жардам алып жатышат. Аларды дарыгерлер күн-түн көзөмөлгө алууда.

№4 төрөткананын башкы дарыгеринин орун басары Жамила Марипова ымыркайлар 31-32 жумалык болуп ара төрөлгөнүн билдирген. Ымыркайлардын биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлдү.

Количество просмотров: 12