• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Космосбек Чолпонбаев: Москвадан келген 401 жарандан анализ алынды

30 Жалган куран 2020 15:16 Бишкек Govori.TV

Кечээ Москвадан учуп келген 401 адамдын анализ алынган. Бул тууралуу бүгүн түшкү онлайн пресс-конференцияда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, алынган анализдердин жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат.

«401 жаранды экспресс тестке алганбыз. Ошондой эле анализдер ПЦР тест үчүн лабораторияларга өткөрүлүп берилди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тастыкталгандан кийин толук маалымат беребиз», — деди министр.

Эске салсак, 29-мартта «Аэрофлот» авиакомпаниясы чартердик каттам менен
Москва шаарындагы аэропортто калган 401 кыргызстандык жарандар Бишкекке учуп келишкени маалымдалган. 

Количество просмотров: 218