• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Kotaro Oshio-Fight композициясы Темирландын аткаруусунда (видео)

26 Кулжа 2018 10:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26. 06. 2018. Govori.TV
«Талантым бар, тааныш жок» долбоорунун коногу бир нече жылдан бери дүйнөлүк чыгармаларды гитарада ойноп келген Темирлан бул жолу Котаро Ошионун Fight чыгармасын аткарып берет.
Япониянын Осака шаарында туулган Котаро Ошио гитара менен ойногонду өзүнүн кайталангыс уникалдуу стили катар баалайт. Ал ар кандай методорду колдонуп чыгармаларын акустикалык гитара менен ойноп күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Аткарган чыгармаларын укканда бир нече музыканттардын коштоосунда аткарып жаткандай сезилет. Котаро Ошио чыгармачылык жолунда ар кандай тасма, мультфильмдердеги, жарнактардын музыкаларын гитарасы ойноп келет.

Урматтуу Govori.TV маалымат агенттигинин окурмандары. Биз «Талантым бар, тааныш жок» долбоору аркылуу таланттуу кыз-уландарды кызматташууга чакырабыз. Табигаттан берилген талантыңыз менен чоң саханга чыгып ырдоону же өнөрүңүздү тартуулоону кыялданып жүрсөңүз анда биздин дарекке кайрылсаңыз болот.  Биздин байланыш номерибиз 0312 323611. Видеолоруңузду WhatsApp аркылуу жөнөтсөңүз дагы болот ал үчүн 0705 00 78 49 кызматта.
Количество просмотров: 26