• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Коюу туман каптап жаткандыгына байланыштуу айдоочуларга кайрылуу…

7 Бештин айы 2023 11:49 Бишкек Govori.TV

Аба ырайы кескин өзгөрүп, коюу туман каптап жаткандыгына байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууга чакырды.

«Туман айдоочулардын жолдоо жүрүү кыймылын кыйындатышы мүмкүн. Жолдо жүрүүдө ылдамдыкты азайтып, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, туманга каршы жарыктыктарды күйгүзүп, коопсуздук эрежелерин толук сактаңыз», — деп айтылат маалыматта.

ЖККБББ айрыкча ашуулар аркылуу алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга кайрылып, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга, кошумча чырмоочу чынжырларды алып, техникалык жактан оң абалдагы унаалар менен гана жолго чыгууга чакырды.

Количество просмотров: 256