• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манас шаарынын аталышы өзгөрөбү? Жапаровдун басма сөз катчысы жооп берди

24 Бирдин айы 202613:57 Бишкек Govori.TV

Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармак баракчасына жазды.

«Соцтармакта айрымдардын Жалал-Абад облусунун Манас шаары мурунку аталышын алат экен деген өңдүү маалыматтары чындыкка дал келбейт. Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 365