• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кожобек Рыспаев, депутат: “Исаков “ТЭЦти көтөрбөңүз, Алмаз Шаршеновичтин ачуусу келип жатат” деп айткан” (видео)

16 Бугу 2018 10:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV

“Сапар Исаков “ТЭЦтин модернизациясы боюнча маселени көтөрбөңүз, Алмазбек Шаршенович абдан ачуусу келип жатат” деп айткан”. Бул сөздү Бул сөздү ЖКнын  жыйынында эл өкүлү Кожобек Рыспаев айтып чыкты.

Анын пикиринде, 386 млн.  доллар насыя, ТЭЦтин модернизациянын чыгымдары боюнча ал буга чейин эле маселе көтөргөн жана ошол боюнча өкмөт башчы Сапар Исаковго кирип, жогорудагыдай сөздү уккан.

“Мен эч убакта калп айткан эмесмин, Сапар Исаков мага ушунтип эле айткан. Эки элдин ортосуна доо кетет, такталбаган маалыматтарды айтпаңыз. Алмазбек шаршенович да абдан ачуусу келип жатат деп айтканыңды Куран кармап туруп, “айткан эмесмин дей аласызбы?!”,-деди ал.

Сапар Исаков болсо антип айтпаганын билдирди.

Эске сала кетсек, парламентте ТЭЦтин авариясы менен модернизациясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда.

Количество просмотров: 13