• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Кожобек Рысбаев «Кыргызалтындын» башчысынын ишине нааразы болду

12 Жалган куран 2019 17:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.03.2019.Govori.TV.

«Кыргызалтын» компаниясы өзүн реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок». Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рысбаев «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок.

Депутат «Кыргызалтын» компаниясына караштуу кен кору түгөнүп, эбак жабылып калган «Макмал» кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт деген маалыматты эске салып, муну кандай түшүнсө болорун сурады.

«Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун. «Кыргызалтын» мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок», — дейт Рысбаев.

Количество просмотров: 7