• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кожобек Рыспаев гезиттен сот аркылуу өндүрүп алган акчаны каяка жумшай турганын айтты

18 Бештин айы 2019 13:53 Бишкек Govori.TV

Депутат Рыспаев коомчулукка “Ачык саясат” гезитинен сот аркылуу өндүрүп ала турган акчаны каяка жумшай турганын социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды. 

«Мен деги эле массалык маалымат каражаттарынын ишине каршы эмесмин. Бирок аша чаап, одоно жазылган айрым ЖМКларды көзөмөлгө албаса болбойт деп ойлойм. «Ачык саясат» газетине сот тарабынан кечээ адилеттүү чечим чыкты деп айта алам. Сот жогоруда аты аталган гезитине 300 миң сом айып салды. Бул акчаны мен өз чөнтөгүмө кымырып алайын деген ниетим жок. Каражат Афган ардагерлерине жана алардын фондуна которулат. Арзыбаган акча болсо да аларды колдоону чечтим», -деп жазган депутат Рыспаев.

Эске салсак, эл өкүлү анын аброюна жана ар-намысына шек келтирди деп гезитти сотко берген. Ага гезитте депутат бир саясий партиядан экинчи партияга өткөндүгү айтылып, аны журналисттер “хамелеон” деп аташканы себеп болгон. Доо арыз берген учурда депутат алгач моралдык чыгым катары 300 миң сом деп белгилеп, кийин ал сумманы эл өкүлү 1 миллион сомго чейин көтөргөн. Бирок сот анын башындагы талабын гана канааттандыраган.

Количество просмотров: 495