• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кожобек Рыспаев: Партиянын аброюна шек келтирген мүчөлөрдөн бардык партия тазаланышы керек

26 Аяк оона 2018 14:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
КСДП партиясынын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр партиябызга кол салып жатат. Партиянын аброюна шек келтиргендерден КСДП ны тазалайбыз деген пикирин,  Алмазбек  Атамбаев Кыргызстандын Социал-Демократиялык партиясынын 1-съездинин 25 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.
Ал эми ушул партиянын мурдагы мүчөсү, депутат Кожобек Рыспаев дагы, өз оюн айтты. Анын айтымында КСДП кандай иштерди жүргүзүп жатканын билбейт, бирок кандайдыр туура эмес иштерди жасаган кызматкерлерден, бардык эле партияларды тазалоо керектигин айтты.
«КСДП дан мени чыгарып коюшкан. Мен чыгып кеткенмин, алар эмне кылып жатышканын, тазалайбы же тазалабайбы, эмне кылып жаткандыгынан маалыматым жок. Партияда негизи таза эмес коррупцияга аралашкан  иштегендерди тазалаш керек да, бир эле Атамбаев эмес, бир эле башка эмес, бардык партиялардыгы коррупцияга аралашкан, кулагы көрүнүп, жеген-ичкени билинип жатса, биринчи ошолорду тазалаш керек. Ошол партиянын оброюна шек келтирип жаткандарды тазалаш керек. Ал эми коррупцияны айткан кишини тазалоо туура эмес»,-дейт эл өкүлү.

https://www.youtube.com/watch?v=Y-4y8CLzc8k&feature=youtu.be

Количество просмотров: 16