• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кожобек Рыспаев: «ТЭЦ боюнча чындыкты айтканыма теригип кетишти…»

30 Баш оона 201813:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек 30.08.18Govori.TV

«Менин ТЭЦтин модернизациясы боюнча чындыкты айтып чыкканыма КСДПнын жетекчилиги теригип кетишти». Бул тууралуу ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаев айтты.
Ал белгилегендей, кечээ КСДПнын саясий кеңешинин аны партиядан чыгаруу чечимин кабыл алынышы саясий катачылык болгон.
“Бул эми алысты көрө албаган сокур саясат болуп калды. Ооба, мени КСДП чакырган, ал партия менен депутат болдум, ал үчүн ырахмат гана айтам. Эми деле жерде калмак белек,эл үчүн иштей турган партиялардын бирине кирип, мамлекетке кызмат кыла беребиз. Бирок, мени катарынан чыгарууда олуттуу себептерди аташса, болмок. Менин оюмча, былтыр Бишкек ТЭЦи жарылып иштеп чыкканда, мен модернизациянын жүрүшү боюнча комитет жетекчиси катары баардык чындыктарды ачык айтпадымбы. ТЭЦти модернизациялоо боюнча документтер туура эмес болгонун, ТЭОсу жок, долбоору жок келип алышып, парламенттен жактап бергиле деп кыйнашканын хронологиялык тартипте депутаттык комиссиянын жыйындарында айтып, министрликтер, тиешелүү тармак жетекчилерине жогору жактан жиберилген кат-көрсөтмөлөр болгонун жашырбай айттым, ММКларга да маек бердим. Мына, ошол себептер менен мени алар партиядан чыгарууга барышты”,-дейт ал.
Эл өкүлү ошондой эле КСДП гана бул коррупциялык ишке жоопкер эместигин, ошентсе да партиянын белдүү мүчөлөрү камалып, сурак берип жатышкандыгын, ошол себептүү “эгер уурулукка партиянын тиешеси барлыгы аныкталса андай партиянын катарында болбостугун” ачык айтканын, бирок, бул кепти партия жетекчилиги өздөрүнө алып, себеп кылып жатканы күлкү келээрлик экенин айтты.
“Мен, Алмаз Атамбаевге каршы аракет кылган эмесмин. Муну ортодогулар чаргытып туура эмес абалга алып келишти. Мен жер жерлерде өтүп жаткан “КСДП Атамбаевсиз!” ураанына аралашкан эмесмин. Мейли эми, партиясына ыраазымын парламент бар, комитет турат, ишимди уланта берем. Алар парламенттеги комитет жетекчилигине көз артып жатышкан болсо, бул бир фракциянын чеччү иши эмес. КСДП сырттан туруп алып парламенттин ички ишине кысым кыла албайт”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, эл өкүлүн кечээ КСДП партиясынын саясий кеңеши партиянын катарынан чыгарган чечим кабыл алган.
Количество просмотров: 21