• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Козуев: Мыйзамга өзгөртүү киргизип, балык сыяктуу сүттү дагы экспорттой албай калбайбызбы?

24 Чын куран 2023 10:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору каралды.

Анда депутат Алишер Эрбаев аталган мыйзам долбоорундагы техникалык регламент боюнча пикирин билдирип, ЕАЭБдин талаптарына ылайык келбей калбашына кызыкты. Эрбаев мурун балык экспорттоодо Орусия өлкөсү Кыргызстандыкын жаратпай койгон. Азыр болсо сүт боюнча ушундай маселе жаралып жатканын кошумчалады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов бул маселеде биринчи ички маселени чечип алуу керектигин белгиледи. Ал кошумчалагандай аталган мыйзамдын долбоору алгылыктуу иш алып баруу үчүн зарыл.

Количество просмотров: 79