КР Акыйкатчысы болуп Токтогүчүк Мамытов дайындалды
КР Акыйкатчысы болуп Токтогүчүк Мамытов дайындалды
26 Аяк оона 201817:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар, КР Акыйкатчысын шайлашты. Мында 79 добуш менен Омбудсмен болуу бактысы Токон Мамытовго буйруду.
Аталган кызматка фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөн. КСДП фракциясы Токтогүчүк Мамытовду, «Бир Бол» фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайым Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канатбек Азизди көрсөтүшкөн.
Ал эми, «Бир Бол» фракциясынан сунушталган Маматурайым Момунов өзүнүн талапкерлигин алып койгон.