• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына ким келет?

11 Аяк оона 2018 17:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Умар Изабаев менен Эмиль Осмонбетов экөөнүн бирөөсү келээри айтылууда.

Осмонбетов Эмиль Кубатович «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жетекчилер кеңешинин мүчөсү.

Умар Изабаев дагы«Кыргызалтын» ААК да жана  бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келгени белгилүү.

Эске салсак, 7-сентябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатович ээлеген кызматынан бошотулган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Рыскуловдун өз каалоосу менен жумуштан кетүү үчүн арыз жазганын кошумчалады.

Количество просмотров: 76