• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстандын президенти Борбор Азияда суу ресурстарын колдоонуда бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигин сезет

8 Кулжа 2023 15:11 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Мамлекет башчысы иштеп жаткан эл аралык системанын негизги постулаты катары кызматташууга артыкчылык берүү менен заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин өлкөлөр бири-бири менен тандалган багыттарын текшеришип, дүйнө менен сүйлөшө ала турган ар кандай аймактык форматтар барган сайын суроо-талапка ээ болуп баратат. Ошондуктан, мындай интеллектуалдык, эксперттик Эл аралык Астана форуму сыяктуу аянтчалар, мен керек болсо стратегиялык аянтчалар дейт элем, бүгүнкү күндө өзгөчө баалуу жана өзгөчө мааниге ээ. Мен жогорку аудиториянын алдында чыгып сүйлөгөнүмө жана ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин иш-чаранын темасы боюнча өз оюмду бөлүшүүгө, эксперттик коомчулукка өз идеяларыбызды жана ой-пикирлерди айтууга абдан кубанычтамын. Биздин көз алдыбызда жаңы дүйнө тартибин калыптандыруу процесси эгемендүү мамлекеттерге жана бүткүл дүйнөлүк коомчулукка коркунуч жана коопсуздук чакырыктарынын күчөшү менен коштолууда. Сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргызстан гана эмес, бүткүл дүйнө туш болгон айрым маселелерге бурсам», — деди Садыр Жапаров.

Президент биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону белгиледи. Дүйнө ааламдашуу доорунда жашап жатат. Мамлекеттер менен элдердин ортосундагы байланыштар мурда болуп көрбөгөндөй тыгыз болуп баратат. Санариптештирүү доору бизге укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат, мурдагы белгилүү илимпоздор жана ойчулдар мындайды кыялданган да эмес. Тилекке каршы, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин региондо мөңгүлөрдүн эриши, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшү түрүндө айкын көрүнүп, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жана тобокелчиликтерди жаратып жаткандыгы факт.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы «жашыл» экономикага өтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу турмуштук зарылчылыктан улам келип чыккандыгын белгиледи.

Экинчиден, суу жана суу ресурстары жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берилээрине басым жасады.

«Биз мыйзамдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык. 2023-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынган, анын алкагында Кыргызстан өзүнө: сууларды мамлекеттик эсепке алууну жана экологиялык абалды жакшыртуу; коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария; суу боюнча Бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо; сууну сарамжалдуу пайдаланууга стимул берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү; гидрографиялык принцип боюнча бассейндик башкаруу органдарын түзүү боюнча милдеттенмелерди алат.

Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Үчүнчүдөн, Президент энергетикага байланыштуу маселени көтөрүп, бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүүсүндөгү татаал баскычты башынан өткөрүп жатканын белгиледи. Тартыштыкты жана энергиянын кымбаттыгын эске алганда, кайра жаралуучу энергия көбүрөөк алдыңкы планга чыгууда. Азыркы учурда чакан жана орто гидроэлектростанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорлорун практикалык ишке ашыруу мүмкүн болгон суу объекттерин тандоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Бул жерде белгилеп кетким келген нерсе, Кыргызстандагы эки жүз элүү эки ири жана орто дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд киловатт-сааттан ашык электр энергиясына бааланат, анын ичинен бүгүнкү күндө 13% өздөштүрүлгөн. Кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалы жылына 840 миллион тонна шарттуу отунга бааланат. 2050-жылга чейин биз биринчи кезекте кайра жаралуучу энергияны колдонуу аркылуу көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү максат кылып жатабыз. Буга байланыштуу кызыкдар тараптарды энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырам. Биз преференциялардын ишенимдүү мамлекеттик системасын түзүп жатабыз жана туруктуу энергетиканы өнүктүрүү үчүн тиешелүү чараларды көрдүк», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Төртүнчүдөн, Садыр Жапаров экономикадагы абалды белгилеп, аналитиктерге өз божомолун айтуу эч качан азыркыдай кыйын болбогонун көрсөттү. Алардын лексиконунда көбүнчө эмоцияны берген – «жолу болду», «токтоолук оптимизм», «күтүүсүздүк» жана ушул сыяктуу сөздөр пайда болду.

«Белгилүү экономист Кеннет Рогоффтун бир макаласы 2023 – жылдын башында «2022-жылы дүйнө системалуу каржы кризисине туш болбогону — бул кичинекей керемет» деп ачык айткан. Жакынкы келечекте экономикада мындай кереметтер азыраак болот деген жалпы пикирге айланууда, бирок күтүлбөгөн нерселер, негизинен терс маанайдагы жагдайлар, барган сайын көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк соодада бытырандылыктын белгилери азырынча байкала элек, бирок геосаясий чыңалуу күчөп бараткандыктан, аналитиктердин көбү протекционизм чаралары күчөйт деп баамдашууда. Жана бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Албетте, региондогу өлкөлөр Дүйнөлүк рыноктон ажыратылса, бул экспорттун көлөмүнүн төмөндөшүнө жана соода балансынын начарлашына алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде инвестициялардын кыскарышын жана жумушсуздуктун өсүшүн билдирет. Бул логикалык чынжырчанын төмөнкү звенолору да туура: эгер геоэкономикалык бытырандылыкка болгон тенденция өссө, региондогу саясий туруксуздук, экстремизм күчөйт, экологиялык кырдаал дагы начарлашы мүмкүн. Ошондуктан баарыбыз регионалдык кооперацияны күчөтүшүбүз, кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтарын издешибиз керек жана бир эле учурда ар кандай дүйнөлүк платформалар менен, эки тараптуу форматтарда гана эмес, бүтүндөй регион катары активдүү өз ара аракеттенишибиз керек. Бул контекстте урматтуу Касым-Жомарт Кемелевичтин өткөн айда болуп өткөн Евразия экономикалык форумундагы сөзүн белгилеп кетким келет, анда ал экономикалык интеграциянын ийгилигинин башкы чарасы катары жаңы өндүрүштөрдү, технологияларды жана жумуш орундарын түзүүнү белгиледи. Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр. Биз бул чакырыктар бардык мамлекеттер жана эл аралык коомчулук тарабынан кызматташтыкты жана күч-аракеттерди координациялоону талап кылаарын моюнга алабыз. Жогоруда көрсөтүлгөн чакырыктарды жеңип чыгуу зарылдыгын көңүлгө алуу менен климаттык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу чоң инвестицияларды жана каржылоону талап кылат», — деп баса белгиледи Президент.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Кыргызстан региондогу өлкөлөрдүн «жашыл», туруктуу, климаттык жана экологиялык жактан таза «бейтарап» экономикага өтүшүнө багытталган долбоорлорго өнөктөштөрдү, финансылык институттарды активдүү тартууну күтөөрүн баса белгиледи. Глобалдык рынокторго чыгуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында транспорттук коридорлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча макулдашылган саясатты жүргүзүүгө күч-аракеттерди топтоо зарыл.

«Инвестициялык кызматташтыкты, өзгөчө «санариптик экономика» жана «жашыл» өнүгүү чөйрөлөрүндө бекемдөө биздин бүгүнкү талаптарга жооп берет. Биз мунун бардыгы макулдашылган саясат жүргүзүлүп, биздин иш-аракеттерибиз регионалдык жана эл аралык кызматташтык форматтарында координацияланган шартта гана мүмкүн болот деп ишенебиз. Өз өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн тилектештиктин, жалпы жоопкерчиликтин негизинде гана биз өнүгүүнүн адилеттүү, коопсуз жана социалдык багыттагы моделин түзүүнү камсыздай алабыз», — деп Президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Количество просмотров: 66