• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Красноярск шаарында Кыргызстандан барган 18 тонна курма жок кылынган

4 Бештин айы 202420:53 Бишкек Govori.TV

Россиянын Красноярск шаарындагы «Южный» базарында Кыргызстандан жаңы алып барылган курма жемиши текшерилген. Бул тууралуу Россиянын Россельхознадзор билдирет.

Жемишти текшерүүдө карантиндик организмдер бар экендигинин белгиси аныкталган. Бардык 18,3 тонна продукция аны алып барган ээсинин макулдугу менен толук жок кылынган.

Аны алып келген жемиш ээсине мындан ары эрежелерди бузбоо боюнча эскертүү берилген.

Количество просмотров: 460