• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кремль 2024-жылы Путиндин катышуусунда өтө турган президенттик шайлоого даярдана баштаганы айтылды

14 Үчтүн айы 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенттик администрациясындагы ички саясий блоктун өкүлдөрү 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрө баштады. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, алар президенттик шайлоо буга чейин пландалгандай эле 2024-жылы март айында өтүп, ага азыркы мамлекет башчысы Владимир Путин талапкер катары катышат деп болжолдоп жатышат.

Басылманын булактары билдиргендей, азырынча Путин кезектеги мөөнөткө барар-барбасын ачык жарыялай электигине карабастан, Кремль шайлоонун түрдүү сценарийлерин караштырууда.

2023-жылы сентябрда Орусияда айрым аймактардын губернаторлору менен мыйзам чыгаруу жыйындары шайланат. Басылманын булагы бул шайлоолордо бийликтин «тигил же бул чечимдери» тесттен өткөрүлөрүн билдирген. Анын айтымында, Кремлден президенттик шайлоодо чечүүнү талап кылган өзгөчө шарттар аймактык шайлоолордо да болот.

Буга чейин «Верстка» басылмасы Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жаңы фазасына өткөнүн жазган: аймактардын бийликтери федералдык борбордон алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө даярдануу тапшырмасын алышкан. Басылманын маалыматына караганда, пландоо – орусиялыктарга согуштук аракеттерге карабастан «бардыгы пландагыдай жүрүп жатат» деген белгини бериши керек.

Даярдыктын алкагында аймактардын башчыларына жергиликтүү тургундар үчүн эң маанилүү, чечилиши керек болгон социалдык көйгөйлөрдүн тизмесин түзүү, соцтармактардагы маанайды баалап, аларды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү сунушталган.

Владимир Путин 2000-жылы жана 2004-жылы эки ирет президенттикке шайланган. 2008-жылы мамлекет башчысы кызматына Дмитрий Медведев келип, Путин премьер-министр болуп иштеген. 2012-жылы ал үчүнчү мөөнөткө шайланып, ошол эле жылы мамлекет башчынын ыйгарым укуктары төрт жылдан алты жылга узартылган. 2018-жылы төртүнчү жолу президент болуп шайланган.

2020-жылы Орусияда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, Путин мамлекет башчысы кызматына дагы эки жолу шайланып, бийликте 2036-жылга чейин калуу мүмкүндүгүнө ээ болгон.

Количество просмотров: 154