Кремль Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакында орус президенти Владимир Путиндин жеке чакыруусу менен Орусияга келерин ырастады.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери делегациялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, зарылчылык болсо жеке жолугушуу да өткөрүшөт.
Кремлдин бул расмий билдирүүсүнө чейин түштүк кореялык YTN телеканалы өз булактарына таянып, Ким Чен Ын Орусияга поезд менен баратканын кабарлаган. Маалыматка караганда, Түндүк Кореянын лидери Чыгыш экономикалык форуму өтүп жаткан Владивостокко барып, Путин менен 13-сентябрда жолугушууну пландоодо.