• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Орусиянын коргоо министри менен Түндүк Кореянын лидери жолукту

27 Теке 202312:22 Бишкек Govori.TV

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Шойгу Пхеньянга жасаган иш сапарынын алкагында Ким Чен Ын менен жолугуп, алар дүйнөлүк жана аймактык коопсуздук боюнча пикир алмашышкан.

«Бул сапар Орусия менен Түндүк Кореянын аскердик байланыштарын чыңдоого жардам берет” , — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Орусиянын коргоо министри 25-июлда Түндүк Кореяга расмий сапар менен барган.

Количество просмотров: 98