• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кримтөбөл “Дженго” апрелге чейин камакта калды

12 Бирдин айы 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

“Дженго” каймана аты менен таанымал Кадырбек Досонов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү ушул жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Досоновго өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыялан. 11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында “Женго” каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын “көзөмөлдөгөн кримтөбөл” деген Кадыр Досонов кармалганын кабарлаган. Ал эми Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын “Фейсбук” баракчасына жазган.

Теги:
Количество просмотров: 65