• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровдор чет өлкөгө кетти. Түркияда алкышка татыган кыргыз куткаруучулары…

13 Бирдин айы 2023 18:51 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТ БАШЧЫ ИШ САПАРДА

 Кыргызстанда учурда өлкө башчы да, өкмөт башчы да жок. Тактай кетсек, президент Жапаров Венгрияга ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен.

Президенттин Будапештке 12-февралда башталган расмий сапары 14-февралга чейин болоору кабарланган. Ал эми аны жубайы Айгүл Жапаровадан тышкары ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев баштаган бир нече министрлер коштоп кетти. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтүп, документтерге кол коюлмакчы.

Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров болсо Дубай шаарына  иш сапары менен кеткен. Жапаров бул иш сапарында Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитине катышары (World Government summit) жана “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Кабарлангандай саммит 13-февралдан 15-февралга чейин уланат.

Учурда бийлик тизгини мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевде.

Кошумчалай кетсек, бир нече жыл мурун Кыргызстан башкы бийлик өкүлдөрүсүз калган учур болуп, бир катар сын кептер менен коштолгон. Бул жагдай жаңы мыйзам кабыл алууга себеп болуп, кабыл алынган мыйзамда премьер-министр жана спикер өлкөдө жок кезде президент чет жакка чыгууга укугу жок экени жазылган.

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ. ДЭЭРЛИК 5 МЛН СОМ ЧОГУЛДУ

Бүгүн, 13-февралда жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 миң 550 рубль чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле министрлик, кайрылуу кылып акыркы, 10-февралда берилген маалыматта жаңылыштык болгонун айтып, кечирим сураган. Буга чейин атайы эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын айткан министрлик, ката каражат тууралуу маалыматтарда валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчет беригенинен улам кеткенин билдирди.

Белгилүү болгондой, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Белгилдей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.

ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫНЫН ИШИ

Түркияга келген табигат кырсыгын Кыргызстандыктар терең кайгыруу менен кабыл алып, ар бир болуп жаткан окуяны жан дүйнөсүнөн өткөрүп жатканын Бишкек шаарынын айрым тургундары айтып беришти.

Апааттан улам куткарууга барган мекендештерибиздин ишин мыкты аткарып жатканын, Түркиянын массалык маалымат каражаттары толкундануу менен ыраазылык айтканынан билсек болот.

ИСМАНКУЛОВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

“Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-февралда тергөө сотунун чечими менен И.А.О.га карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин №21 мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Ошондой эле сот Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулун 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына чыгарды.

Эскерте кетсек, “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

 “ДЖЕНГОНУН” КЫЛМЫШТУУ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусунда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири  кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды.

Кармалган жаран 1986-жылы туулган, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Шектүү Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1340